Акылбек
Wikipedia дан
(болжол менен 1840-жылдары туулган - өлгөн жылы белгисиз) - манасчы.
Колдо болгон маалыматтарга караганда Акылбек эң таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт.
Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле:
Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек.
Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?» деген суроого ал «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим, тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши».
«Мен өзүмдү бактылуумун деп сеземин, - деп эскерген Ыбырайым Абдыракман уулу – ысыккөлдүк атактуу манасчылардын жетөөнү көрүп калдым, жетөөнүн оозунан тең «Манас» уктум. Мына ушул манасчылардын мыктыларынын бири Акылбекти биринчи ирет он үч жашымда көрдүм. Мен жыйырма сегизге чыкканча Акылбектин «Манасын» көп уктум». Анын Акылбек баш болгон атактуу жомокчулардан таалим-тарбия алгандыгын «Сейтек» эпосунун аягында жазган төмөнкү ыр саптары да ырастайт:
Мен да билем башынан,
«Семетей», «Манас» жомогун,
Ойноо бала жашыман.
Ысыккөлдүн жеринде,
Урусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек.
Аксакалдар айтчу эле
«Семетей», «Манас» айтууда,
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум.
Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда Акылбек «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет.
Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбырайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы Акылбек сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.