Түрк тилдүү мамлекеттердин билим тармагы
Wikipedia дан
Түрк тилдүү мамлекеттердин билим тармагындагы кызматташтыгынын мааниси жана бүгүнкү күндөгү абалы.
Асипова Н.А.-проф. КТМУ
1991 жылы Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялагандан баштап, демократиялык процесстердин шарапаты менен ар түрдүү өлкөлөр арасындагы саясий- экономикалык жана маданий карым-катнаштарга кеңири жол ачыла баштады. Кыргыз Республикасынын өз алдынчалыгын эң биринчилерден болуп тааныган Түркия мамлекети 1992 жылдын март айында Кыргызстанда өз өкүлүчүлүгүн ачты, жана ошону менен бирге эки мамлекет арасындагы экономикалык, маданий байланыштарга жол ачылды. Ошол эле жылы өз ара маданий жана билим кызматташтыктарын камтыган 11 келишимге кол коюлуп, жана алардын натыйжасында эки мамлекет ортосундагы билим тармагындагы карым-катнаштар калыптана баштады. Эки мамлекет ортосундагы өз ара байланыштардын орношу биринчи иретте маданият жана билим тармагындагы биргелешкен иш аракеттердин өрчүшүнө түрткү болду. Аталган багыттагы кызматташтыктын башталышына жол салган ири иш чаралардын ичинен өзүнүн саясий-экономикалык жана маданий мааниси боюнча өзгөчө орунда турганы 1992 жылы май айында Анкарада өткөн түрк тилдүү өлкөлрдүн Билим министерлеринин биринчи кеңешмеси болду. Ал кеңешменин жүрүшүндө Түркия мамлекети жана башка түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы окуучулар жана мугалимдер менен алмашуу, билим тармгындагы өз ара тажрыйба алмашуу сыяктуу узак мөөнөткө пладаштырылган чечимдер кабыл алынды. Андан кийинки Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим тармагындагы кызматташтыктардын өрчүшүнө жол ачкан жана ошону менен катар түрк цивилизациясынын кайра жаралуусуна түздөн түз өбөлгө түзгөн саясий-экономикалык жана маданий иш чаралардын эң орчундуусу катары 1992 жылдын 29 сентярынан 2 октябрга карата болуп өткөн «Түрк жумуруяттарынын, Түркия Билим министирлигинин жана Түрк диаспороларынын билим боюнча жооптуу секретарларынын» Бишкекте өткөн экинчи конференция-сынын саясий, маданий жана илимий маанисин баса белгилеп кетмек зарыл. Бул конференцияга түрк тилдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде: Кипр, Өзбекистан,Түркменистан, Башкыртыстан, Якутия, Чуваш, Алтай, Татарстан, Кабардин-Балкар, Караим, Гагауз, Карачай, жана Россия Федерациясындагы түрк тилдүү мамлекеттеринин Билим министирликтеринин өкүлдөрү катышып, аталган өлкөлөрдөгү илим, билим, маданият тармактарындагы биргелешкен иш аракеттердин пландуу бир тизмеги белгиленди. Анда бардыгы болуп 15 пункттан турган чечим кабыл алынып, алардын ичиндегилердин эң орчундуусуларынан болуп адабият, тарых жана тил боюнча биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу боюнча комиссияны түзүү, дүйнөлүк билим системасына биригүү (интеграция) максатында жапырт латын алфабитине өтүү жолдорун изилдөө, жогорку окуу жайлар жана университеттер арасындагы биргелешкен илим жана билим берүү кызматташтыгын күчөтүү иретинде түрк тилдүү университеттердин ректорлорунун курамын түзүү, жана жогорку окуу жайларда заманбап түрк тили жана адабияты боюнча бөлүмдөрдү ачуу сыяктуу орчундуу жана актуалдуу маселелер каралды. Аталган конференциянын чечимдерине ылайык Кыргызстан жана Түркия ортосундагы билим тармагындагы кызматташтыктар жолго салынып, көптөгөн биргелешкен окуу жайлар ачыла баштады. Алардын катарында биринчилерден болуп ачылган «Кыргыз-Түрк Анадолу кесиптик кыздар лицейи» жана «Кыргыз-Түрк Анадолу лицейлерин» атоого болот. Ушул эле келишимдердин алкагында 1997 жылы 28 июлда Кыркыз Республикасынын N445 токтомуна ылайык Бишкекте «Кыргыз-Түрк Манас университети» ачылды. Мындан тышкары ошол эле мезгилде Бишкек гуманитардык университетинде түркология факультети, Ош мамлекеттик университетинде теология (дин таануу) факультети, Бишкектеги түрк тилин үрөнүү борбору ачылды. Аталган окуу жайлар менен бир эле мезгиде түрк маданиятын жайылтуу жана түрк тилинин географиялык аймагын кеңейтүү максатында ачылып жана иштеп жаткан «Сабат» программасынын алкагындагы мектептерди жана лицейлерли атоого бллот. Бүгүнкү күндө алардын саны 11ге жетти жана аларга: Ата-Түрк университети, «Жибек жол» эл аралык мектеби, «Секом» комрьютердик жана тил үйрөнүү борборун жана республикабыздын ар кайсы областарында, райондорунда жайгашкан мектептерди жана лицейлерди кошууга болот. Ошол эле жогоруда аталган келишимдерге ылыайык башталган Анкара университети менен Ош мамлекеттик университети ортосундагы кызматташтыкты, 1992 жылдын 29 июнунда кабыл алынган Кыргызстан илимдер Академиясы менен Түркия мамлекеттик Фырат университети ортосундагы илим, билим, маданият тармагындагы кызматташтык кадамдарды атоого болот. Ошентип, 1992 жылдан баштап күн санап кулач жайып бара жаткан билим чөйрөсүндөгү кызматташтыктардын натыйжасында бүгүнүкү күндө, башкача айтканда 2002-2003 окуу жылында Кыргызстандан Түркияга барып жогорку окуу жайларда окуп жаткан окуучулардын саны 874 адамга жетти. Алардын ичинде эки жылдык окуу жайларда окугандары 98, төрт жылдык баклавр деүгеелинде окугандары 607, магитстратурадагылары 137, докторантура окугандары 33тү түзөт. Ошол эле мезгилде Түркиядан Кыргызстанга келип окуган студенттрдин саны 492ни түзөт. Бул цифралар эки мамлекеттин гана ортосндагы билим тармагыдагы байланыштарды чагылдырып турат. Түрк цивилизациясынын кайра жаралуусу жалгыз гана эки мамлекет ортосундагы байланыштар менен чектелбейт. Бул процесстин өрүчүшү башка түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы маданий жана билим тармктарындагы байланыштарга түздөн түз көз каранды. Бул багыттан алып карасак акыркы 10 жыл арасында мурда болуп көрбөгөн карым-катнаштарга жол ачылды. Алсак, Түркия мамлекетине башка түрк тилдүү өлкөлөрдөн келип окугандардын саны көбөйгөн сайын Түркиядан башка түрк тилдүү өлкөлөргө брып окугандардын саны дагы күн санап өсө баштады. Мисалы, 2000 жылдын 1 октябрына карата Түркия улуттук билим берүү министирлигинин маалыматтарына ылайык түрк тилдүү мамлекеттерге барып билим алып жаткан Түркия түрктөрүнүн саны Азербайджанда-1836, Башкыртастанда-87, Казахстанда-1162, Кыргызстанда-390, Өзбекистанда-29, Молдовада-78, Болгариядя-400, Түркменияда-86, Таджикистанда-42, Татарстанда-91 түзөт. (Milli Eğitim Sayisal veriler-2001-Ankara,2001,ss.264-265) Ошол эле мезгилде Түркиядан окуп, билим алуу үчүн башка түрк тилдүү өлкөлөрдөн жана дүйнө жүзүндөгү түрк диаспоролорунан келген окуучулардын саны 1999-2000 окуу жылына карата Азербайджандан-741, Казахстандан-663, Кыргызстандан-647. Өзбекстандан-73, Түркменистандан-1080, башка Азия өлкөлөрүнөн-1271, Балкан өлкөлөрүнөн-1425ке жетип, алардын жалпы саны 5899ди түздү. Алардын бадыгы деерлик Түркия мамлекетти тарабынан каржылоодо турат. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим тармагындагы кызматташтыгынын анын ичинде Кыргызстан жана Түркия ортосундагы билим жана маданият жаатындагы биргелешкен иш аракеттердин эң көрүнүктүүлөрүнөн болуп Кыргызстандандагы 1997 жылы ачылган «Кыргыз-Түрк Манас университети» эсептелет. Азыркы күндө бул университетте бардыгы болуп 1719 студент окуп жатат, алардын ичинде кыргызстандыктардын саны-1148, Түркиядан келгендердин саны-447, түрк тилдүү башка өлкөлөрдөн келгегендердин саны-124тү түздү. Бул студенттер Казахстандан, Татарстандан, Хакасиядан, Тувадан, Түркменистандан, Өзбекистандан жана Россия федерациясынын курамынан келишкен. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын «Билим жөнүндөгү законуна», «Билим берүүнүн мамлекеттик доктринасына», жаштарды «Тарбиялоо коцепциясына» жана Билим жана маданият министирлиги тарабынан бекитилген башка докуметтерине таянуу менен Кыргыз-Түрк Манас университетинин өз Уставы иштелип чыккан. Ал Уставдын эң негизги жоболорунан болуп, «Кыргызстан, Түркия республикаларынын жана башка түрк мамлекеттеринин жаштары үчүн бир жерден билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен аларды дүйнөлүк стандарттардын деңгеелиндеги билим менен камсыз кылуу, алардын жалпы түрк аң сезимин калыптандыруу, адам укугун, дин ишенимин сыйлаган, демократиялык коомдогу жашоо-тиричиликке даяр, терең фундаменталдуу билимдер менен сугарылган жана кесиптик ыкмаларга ээ болгон, ХХI кылымдын талабына жооп берген алдыңкы адистерди даяроо»-, эсептелет. (Кыргыз-Түрк Манас университетинин Уставы.-1997.-2б.) Кыргыз-Түрк Манас университетинин ачылышы менен Түркия жана түрк тилдүү башка өлкөлөр арасындагы билим жана маданият тармагындагы байланыштардын андан ары өрчүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачылды жана объективдүү, ыңгайлуу шарт түзүлдү. Себеби, билим тармагындагы кызматташтык окуучуларга гана таркабастан жогорку билимдүү адистерди дагы камтыйт. Азыркы учурда КТМУда Түркиядан келген 121 адис иштейт, алардын 83 окуутучулар жана 38 жардамчы персонал болип кызмат кылат. Окуутучулардын көпчүлүгү өз илимий тармагындагы дассыкан терең билимдүү мугалимдер, деерлик бардыгынын илимий даражалары бар. Мындай биргелешкен кызматташтыктын натыйжасында билим, илим, тармагындыгы иш аракеттер күч алып, эки тилдеги илимий иштер, анын ичинде окуу китептер, илимий макалалар жарык көрө баштады. Акыркы эле эки жылдын ичинде аталган университеттин мугалимдери тарабынан даярдарган окуу куралдардын саны 25ке жетти. Ушундай эле кызматташтыктын ачык айкын күбөсү болуп университет тарабынан «Коомдук илимдер» журналынын кыргыз жана түрк тилдеринде чыгышы эсептелет. Билим тармагындагы мындай кызматташтыктын коомдук-маданий мааниси түрк цивилизациясынын кайра жаралуусуна түздөн төз байланышта турат. Себеби, биргелешкен окуу жайларда окуп, билим алып жаткандардын бардыгы келечетеги кесип ээлери гана болбостон, алар конкреттүү бир улуттун, улут маданиятынын өкүлү жана аны алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет. Андыктан билим чөйрөсүндү миграциянын натыйжасында биринчи иреетте түрк тилдүү элдер арасындагы маданий карым-катнаштардын маданий жалпылыктардын өсүп-өнүгүүсүнө объективдүү шарт түзүлүп жатат. Андай маданий жалпылыктардын ичинде тил маданиятынын өрчүүсү, жалпы түрк элдерине мүнөздүү болгон прогрессивдүү каада-салттардын жаңыланышы, инсандар арасындагы бир туугандык жана достук мамилелердин калыптанышы камсыз болот. Эң негизгиси жаштардын аң сезиминде, алардын дүйнө таануусунда тили бир, дили бир, тарыхый өсүп-өнүүсүндө окшоштуктарга бай, ошол эле мезгилде өзгөчө маданияты бар бир тууган тектеш элдердин бар экендиги жөнүндө системалуу илимий көз краштар жана пикирлер калыптанат. Эгерде Кыргыз=Түрк Манас университетинин мисалында алып карасак жогоруда айтылган көз караштардын калыптанышы даярдык курсунда башталган кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүүдөн, Ата-Мекен тарыхын окуудан башталат. Окуучулар тарбынан аталган илим тармактарын өздөштүрүүнүн негизги максаты болуп биринчи иреетте эки элдин, андан соң жалпы түрк тилдүү элдердин маданиятын өздөштүрүү жана зарыл болгон учурда аларды пайдалана билүү жана даңазалоо эсептелет. Бул максаттын ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн КТМУга өткөн студенттер бир жыл бою кыргыз жана түрк тилдери боюнча даярдоо курсунан өтүшөт. Ал курстарда алар жалаң гана тил үрөнбөстөн эки элдин маданияты, каада-салттары, үрп-адаттары менен таанышышат. Жаштардын түрк тилдүү элдердин маданияты менен таанышышы окуу процессинде гана жүргүзүлбөстөн, окуу процес-синен тышкаркы таалим тарбия иштеринде да кеңири орун алган. Алсак бул университетте жаштардын маданий деңгеелин өстүрүү максатында педагогика жана коомдук илимдер бөлүмүнүн астында атайын өзүнүчө (Гүзел санаттар) же сулуулук сабактары боюнча координаторлук иштейт. Ал бөлүмдүн негизги максаты жаштарга окуу процесси менен бирдикте алардын ар кандай инсандык кызыкчылыктарына байланышкан маданий эстетикалык табиятын калыптадыруу жана эки улуттун маданияты менен жакындан тааныштыруу эсептелет. Ушул максатта университетте көптөгөн ийримдер иштейт, алардын ичинде кыргыз, түрк улуттук бий тобу, комузчулар тобу, ыр-хор ийрими, жаш адабиятчылр тобу ж.б. Демек, улуттук маданияттын үлгүлөрү менен таанышуу менен келечектеги адистер түрк цивилизациясынын синтезделиштирилген жаңы бир формаларынын кайра жаралуусуна себепкер болушуп, жана катышып жатат десек болот.Учурдагы социалдык маанисинен алып караганда түрк тилдүү жаштардын орчундуу бир тобу түрк тилдүү маданияттын кайнашкан чөйрөсүндө калыптанып жатышат жана ошону менен катар түрк цивилизациясынын өсүп, өнүгүшүнө түздөн түз катышып жатышат. Мындай жаңылануу татаал жана көп кырдуу узакка созулган процесс. Бүгүнкү күндө биз анын алгачкы көрүнүштөрүнө гана күбө болуп олтурабыз, бирок ага карабастан эки мамлекет жана алардын граждандары тарабынан биргелешкен иш аракеттер улантылууда. Учурда, кайсы гана цивилизация болбосун анын өзөгүн түзгөн билим тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү максатында Кыргызстан тарабынан кыргыз тилин үрөтүү курстары, кыргыз маданияты менен тааныштыруу семинарлары жана Түркия тарабынан дагы ошондой эле курстарды жана семинарларды уюштуруу иштери жолго салынууда. Ушул эле максатта жакынкы жылдарда айрым мектептерде 5-6 класстардын окуу программаларына түрк тили боюнча сабактарды киргизүү маселелери каралууда жана эки өлкөнүн мектептери жана үй-бүлөлөрдөгү мамилелерди өрчүтүү боюнча «Боордош мектептер жана үй-бүлөлөр» долбоору иштелип чыгууда.