Web Analytics


https://www.amazon.it/dp/B0CT9YL557

We support WINRAR [What is this] - [Download .exe file(s) for Windows]

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
SITEMAP
Audiobooks by Valerio Di Stefano: Single Download - Complete Download [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Alphabetical Download  [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Download Instructions

Make a donation: IBAN: IT36M0708677020000000008016 - BIC/SWIFT:  ICRAITRRU60 - VALERIO DI STEFANO or
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
Билим философиясы - Wikipedia

Билим философиясы

Wikipedia дан

I. ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Изилдөөнүн темасынын актуалдуулугун кыргыз билим берүү системасына жана улуттук өнүгүүгө койгон глобализациянын талабы шарттайт. “Билим берүү - өнүгүүнүн борбору”, - делет Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия сайтынын биринчи барагында. Бул глобалдуу уюмдун пикири боюнча билим берүү адамдарга күч берип, жакырчылыкты жана ар кандай теңсиздикти жеңүүгө жардам берет. Ошондой эле билим берүү өлкөнүн экономикалык жана демократиялык потенциалын толтуруп, коомдун социалдык жана адамдык капиталын өнүктүрөт (http://go.worldbank.org/F5K8Y429G0). Ошону менен катар эле коммунисттик системада калыптанган билим берүү системаларынын мойнунда бир катар оор маселелер турат: коммунисттик режимде жакшы иштеген билим берүү системасы маркет экономикасынын шартына ылайык келбей калды; билим берүүнү туура эмес каржылоо кайра куруу дооруна чейинки жетишкендиктерди жокко чыгарууда; билим берүү системасын башкаруу дале өкмөттүн колунда болгондуктан, ачыктык жетишпей, кардарлардын жана инвесторлордун алдында жоопкерчилик аз болуп, билим берүүнүн, айрыкча университеттик билимдин баркы кетүүдө (http://go.worldbank.org/NFRDG2ANK0). Билим берүү системасы жогоруда аталган функцияларын толук кандуу аткара алуусу үчүн оболу ушул маселелерди чечүүсү зарыл.

Кыргыз элинин совет бийлигине чейинки билим берүү жаатындагы жетишкендиктери учурдагы орус тилдүү кыргыз элитасы тарабынан бааланбай келет. А чынында Тоголок Молдо, Барпы, Жеңижок, Токтогул жана башка акын-демократтардын чыгармаларындагы жалпы адамзатка тиешелүү таалим-тарбиялык жана агартуучулук маалыматтарды ошондой деңгээлде жана сапатта совет учурунда эч ким кайталай албады. Көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи ордунда турган Манас эпосундай чыгарманы да эч ким кайра жарата алган жок. Тилекке каршы, илимий-агартуучулугу жагынан потенциалы салыштыргыс ушундай пресоветтик жетишкендиктер кийинки орус маданиятына ассимилияциялашкан элита тарабынан кысымга алынып жана жээрилип калганы кыргыз элинин билим берүүсүндөгү жана маданий өнүгүүсүндөгү өтө аянычтуу көрүнүш болуп калды. Андыктан бул изилдөө ошол совет дооруна чейинки агартуучулуктун философиялык маанисине чоң көңүл бөлүп, анын либералдык прогессивдүү идеяларынын кыргыз элинин мындан аркы өнүгүп кетүүсүнө кошо ала турган салымын изилдеп, америкалык коллегалардын окшош теориялары менен салыштырып, түбөлүк мурастардын өчпөс экенин бекемдейт.

Изилдөө совет доорунда калыптанган азыркы билим берүү системасын, айрыкча, ошол убакта жакталган илимий диссертациялардагы философиялык идеялардын практикалык маанисин жана АКШда жакталган диссертациялардан айырмачылыктарын, АКШ жана кыргызстан илимий даражаларынын салыштырмалуу анализин, эквиваленттештирүү маселелерин, эки өлкөдөгү илимий даражаларга коюлган талаптарды жана алардын көлөмүн, АКШ жана кыргызстандагы билим берүү философиясынын улуттук жана маданий өнүгүүгө кошкон салымын анализдейт.

Ачыгын айтканда, СССР кыйрагандан бери кыргыз билим берүү системасына көп деле жаңылык кире элек, баары тең совет доорунда салынган нук боюнча агып келе жатат. А бирок эскирген система көпкө чыдай албай турганы убакыт өткөн сайын даана көрүнүүдө, анткени рынок шартында жана азыркы замандын талаптарына ылайык көптөгөн адистердин, предметтердин жана окуу пландарынын орду жана ролу таптакыр өзгөрүүнү талап кылууда, көптөгөн сабактардын кереги жок болуп калды, студенттердин контингенти өзгөрүүдө, ишканалардын талаптарды таптакыр башкача. Ал тургай кенен СССРдин географиясына ылайыкталган айрым адистиктер Кыргызстанга кереги жок.

Геополитикалык процесстер Кыргызстандын адистерге болгон муктаждыктарын таптакыр өзгөрттү. Мындай шартта эски система жана куррикулум кыргыздын келечегин улап кете турган коомду өнүктүрө турган талаптарга жооп бере албай калды. Ошондой болсо да төмөнкү суроолорго азырынчы эч ким толук жооп бере элек: эмне үчүн анда студенттер дагы деле эски окуу план боюнча тапшырып жатышат? Ата-энелер эмне үчүн окууну бүткөндөрдүн кесиби боюнча жумуштарда иштебегенин көрүп туруп үй бүлөлүк бюджеттин салымдуу бөлүгүн дале балдарынын окуусуна төлөшүүдө? Бул диссертациялык изилдөөнүн бир этабы өтө турган АКШнын Нью-Йорк университетинин вебсайтында жазылгандай: “Глобалдык көз карашы бар, коомдор менен улуттар арасындагы байланыштарды көрө билген кишини гана кандай тармакта болбосун ийгиликке жете турган профессионал адис десе болот. Билим берүү –бул биздин дүйнөнү оң жакка өзгөртө ала турган курал. Билим аркылуу гана бардык адамдардын жашоо сапаттын жакшыртууга болот” (http://steinhardt.nyu.edu/about). Андыктан билим берүү менен улуттун өнүгүүсүнүн ортосундагы байланышты АКШ жана кыргызстандын билим берүү философиясынын контекстинде каралышы бул изилдөөнү өтө актуалдуу жана уникалдуу кылат. Изилдөөнүн максаты – КРнын жана АКШнын билим философиясынын улуттук прогресске кошкон идеяларын салыштырмалуу анализдөө.

Изилдөөнүн объекти – АКШ жана кыргызстан академикалык жамаатынын билим берүү философиясына арналган илимий эмгектери жана көз караштары.

Изилдөөнүн предмети - билим берүү менен улуттук прогресстин ортосундагы социалдык жана философиялык байланыштар.

Изилдөөдө колдонулуучу методдор. Изилдөө АКШда стандартуу эсептелген сандык жана сапаттык методдор аркылуу жүргүзүлөт. Сапаттык методдор тарыхый-аналитикалык дескриптивдүү ыкмаларды жана контент анализди камтыйт. Нью-Йорк Университетинин, Будепешттеги Борбор Европалык Университетинин жана И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштууларынын диссертациялары каралат. Ал эми сандык методдор болсо кылдаттык менен тандалган суроолорду камтыган анкеталардын негизинде Нью-Йорк университетинин жана И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуулар жана студенттеринин арасында колдонулат. Бул анкеталар төмөнкүдөй аспекттерди камтыйт: педагогика кесибинде традицияналдуу системада окуган студенттердин сабактарга, дипломго, билимге, мугалимдердин ролуна, окуу методикаларына... көз карашы; педагогика кесибинде кредит системасы боюнча окуган студенттердин сабактарга, дипломго, билимге, мугалимдердин ролуна, окуу методикаларына... көз карашы; КМУ мугалимдеринин, администрациясынын, илимий-методикалык кызматкерлеринин билимге көз карашы; америкалык мугалимдердин администрациясынын, илимий-методикалык кызматкерлеринин билимге көз карашы; турмушта ийгиликке жетишкен адамдардын билимге көз карашы; жогорку билимдүү адамдардын университеттик билим алууга көз карашы; жогорку билими жок адистердин университеттик билимге көз карашы ж.б. Анкеталоодон сырткары интервью алуу жана байкоо жүргүзүү методдору колдонулат. Изилдөө социалдык, саясий, этникалык, гендердик, диний топторду тең камтууга умтулгандыктан ар кандай улуттардагы студенттер, мугалимдер, администраторлор, бүтүрүүчүлөр, ж.б. коомдун өкүлдөрүнүн арасында жүрөт.

Изилдөөнүн илимий жаңылыгы. Биринчиден, диссертация алгачкы жолу сандык методдорду колдонуп, АКШнын жана кыргызстандын университеттеринин конкреттүү академикалык жамаатынын мүчөлөрүнүн илим-билимге жана прогресске карата идеяларынын салыштырмалуу анализинин негизинде билим берүүнүн практикалык философиялык аспекттерин карап чыгат. Экинчиден, изилдөө кыргыз тилинде жазылат жана КМШ өлкөлөрүнө али тааныла элек тар багыттагы дүйнөлүк деңгээлдеги англис тилдүү окумуштуулардын эмгектериндеги жаңы идеяларды кыргыз журтчулугуна маалым кылат. Үчүнчүдөн, кыргыздын нукура илимий философиясы, ошонун ичинде коммунисттик революцияга чейинки элдик агартуучулардын идеялары, АКШнын улуттук жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон идеялары менен салыштырылып, алардын жалпылыктары жана айырмачылыктары, азыркы замандын шартына карата практикалык аспекттери жана проблемалары талкууланат. Төртүнчүдөн, изилдөөнүн жыйынтыктары кыргызстандын улуттук билим берүү философиясын типологиязациялоо проблемаларын чечүүгө колдонулууга болот.

Static Wikipedia 2008 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Static Wikipedia 2007 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Static Wikipedia 2006 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Sub-domains

CDRoms - Magnatune - Librivox - Liber Liber - Encyclopaedia Britannica - Project Gutenberg - Wikipedia 2008 - Wikipedia 2007 - Wikipedia 2006 -

Other Domains

https://www.classicistranieri.it - https://www.ebooksgratis.com - https://www.gutenbergaustralia.com - https://www.englishwikipedia.com - https://www.wikipediazim.com - https://www.wikisourcezim.com - https://www.projectgutenberg.net - https://www.projectgutenberg.es - https://www.radioascolto.com - https://www.debitoformtivo.it - https://www.wikipediaforschools.org - https://www.projectgutenbergzim.com