Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Wikipedia дан
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Гимн - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен 1992-ж. 18-декабрында бекитилген.
Сөзү: Ж.Садыков, Ш.Кулуев.
Музыкасы: Н.Давлесов, К.Молдобасанов.
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Алатоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Алгалай бер кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап, урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.