Чоодан
Wikipedia дан
Өз учурунда Чоодан Кудаяр кандын манасчысы болгондугу жөнүндө эл оозунда аңыз айтылып жүрөт. Ч-дан өз убагында эпос жазылып алынган эмес, андыктан биз анын жомок айтуучулук салтын, анын жолун уланткан шакирттеринин айтуулары аркылуу билебиз. Белгилүү манасчылар Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Калбек Жумагул уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Көлбай уулу жана башкалар Ч. манасчыдан таалим-тарбия алган. Түштүк тобундагы белгилүү жомок айтуучулардын дээрлиги анын таасирин башынан өткөрүшкөн. Ч-дын салттын дагы бир белгилей турган өзгөчөлүгү, Балык жомокчунун чыгармачылык салты менен карым-катышта болгонунда. Анткени, Балык Таласта турганда Ч. жашап турган Кыргызстандын түштүгүнө такай барып турганы белгилүү, эки залкар манасчынын айтуучулук чеберчилик өнөрү бири-бирине таасир эткен деп божомолдоого болот.