Өспөгөн дарактар
Wikipedia дан
Бонсаи(Bonsai)-өзгөчө ыкмалар м-н дарактардын гүл койгучтардын ичинде буталып өстүрүлүшү.
[оңдоо] Тарыхы
Бул сөз Япон тилинден келип чыккан.Мааниси,"бон"(табак) ж-а "саи"(өсүмдүк).Мындайча айтканда табактагы өсүмдүк же табактагы дарак дегенди түшүндүрөт.Бул ыкма Японияга б.з. 7-9 кылымдарда Кытайдан келген.Бансои ыкмасы Кытайдагы Пенйинг(Penjing) деген ыкмадан айырмаланып турат.Пенйинг Кытайда бир канча миңдеген жылдардан бери бар.
[оңдоо] Өстүрүлүшү
Бонсаи-бул тирүү дарактарга карата урмат ж-а бул дарактардын жашоосу жөнүндөгү искусство. Бонсаилер миниатюра болгону м-н кадимки еле дарактардан айырмалары жок. Кылдаттык м-н тандалган бутактар буталып өстүрүлүп,миниатюра дарак көрүнүшүн алат. Эң кооз бонсаилер жапыз ж-а кең гүл койгучтарда өсөт. Ар кандай бонсаилер бар:шыпыргы сыяктуу,шаркыратма сыяктуу,шамалга ачык сыяктуу. Япондордун табиятка болгон сугун күндөлүк турмушунда көрүүгө болот. Алар багбанчылык м-н да алектенип келишет.