Конфуцийчилик
Wikipedia дан
- байыркы Кытайда пайда болуп, анын рухий маданиятына, саясий турмушуна жана коомдук өнүгүшүнө эки миң жылдан көбүрөөк таасир тийгизген этикалык-саясий окуу. К-тин негизи б.з.ч. 6-к-да Конфуций тарабынан түзүлүп, кийин анын шакирттери (Мэн цзы, Сюнь цзы ж.б.) тарабынан өнүктүрүлгөн.
К. байыркы салттарды, адамдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу өз ара мамилелеринин принциптерин бекем тутууга, ошону менен коомдук түзүлүштү жана салттуу бийлик формаларын чыңдоого үндөгөн.