Библия
Wikipedia дан
Жаңы Осуят |
---|
|
Кыргыз тилиндеги китептердин катарына эми Библия да акырындап сүңгүп кире баштады. Бүгүнкү күнгө чейин Библиянын мынакей 5 (беш) котормосу жарык көрдү жана окурман журтубуз Библиянын алгачкы (Эрнис Турсуновдун жетекчилигиндеги) котормосу менен бүгүнкү котормосун салыштырып көрсө болот: кыргыз тили бу котормолордо асман менен жердей эле ажырымга тушугуп, улам кийинки котормо барган сайын кыпкыргызча сүйлөп, Ыйык Китеп эми кыргыз баласынын жүрөк толтосунан түбөлүк орун алмай болду десем жаңылыштык болбос, ов!
Библия – 1500 жыл аралыгында 40ка жакын адам тарабынан Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган китеп. Китептин аты грек тилиндеги “библиос” деген сөздөн алынган, “китептер” дегенди билдирет. Ал Байыркы Келишим (Эски Осуят) жана Жаңы Келишим (Жаңы Осуят) деген эки бөлүктөн турат.
Эски Осуят (Байыркы Келишим) – Мусанын убагында Кудайдын эврей эли (Ысрайыл) менен түзгөн келишимине байланыштуу жазылган китептердин жыйнагы. Эски Осуятта Кудайдын бүткүл адамзатка Куткаруучуну жибере тургандыгы, ал эми Жаңы Осуятта Куткаруучуну жибергендиги айтылат.
Эски Осуят 39 китептен турат, алардын көпчүлүгү байыркы эврей тилинде, бир нечеси арамей тилинде жазылган. Бул жыйнакта тарых, мыйзамдар, проза, поэзия жана акыл-насааттар камтылган.
Жаңы Осуят 27 китептен турат, бардыгы грек тилинде жазылган. Бул жыйнакта Куткаруучу Ыйса Машаяктын төрөлүүсү, жер үстүнө келген максаты, окутуусу, иштери, өлүмү, тирилүүсү жана асманга көтөрүлүп кетүүсү баяндалат. Ошондой эле Ыйса Машаяктын шакирттеринин иштери, алгачкы Жыйындын түзүлүшү, ишенгендерге жазылган каттар жана акыркы күн жөнүндөгү пайгамбарчылык жазылган.
Библияда 6 миңден ашык пайгамбарчылык бар, алардын 3,5 миңден ашыгы аткарылган.
Кыргыз турмушундагы айрым сөздөргө кулак төшөп, байкап көргүлө: балким, алардын өзөгү Ыйык Китепте жаткан чыгар..
Жанызак.